Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:39

Трамп: Иран өзөктүк программасын жандандырса кесепети оор болот


Дональд Трамп.
Дональд Трамп.

АКШнын президенти Дональд Трамп Иранды өзөктүк программасын кайра жандандырбоого чакырды.

“Мен андай кылбагыла деп кеңеш берет элем. Эгер ошондой болсо өтө жаман кесепеттер чыгат” деди ал 9-май күнү журналисттердин суроосуна жооп берип жатып.

8-майда Трамп АКШ 2015-жылы түзүлгөн өзөктүк келишимден чыга турганын, андан тышкары Иранга каршы катаал экономикалык санкцияларды кайра киргизерин жарыялаган. Ал өзү өзөктүк келишимди мамлекет башчылыкка талапкер болгон кезинен бери эле кескин сындап келаткан.

Иран Трамптын бул чечимин “кыжырдануу менен” кабыл алды. Шаршембиде Ирандын мыйзам чыгаруучулары парламентте Кошмо Штаттардын желеги тартылган кагазды өрттөп, “Америкага өлүм!” деп кыйкырышты. Парламенттин төрагасы Али Ларижани макулдашууну сактап калуу Евробиримдиктин жана башка дүйнөлүк державалардын колунда экенин айтты.

XS
SM
MD
LG