Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:57

Пашинян: Тоолуу Карабах Азербайжан менен сүйлөшүүлөргө толук катышууга тийиш


Никол Пашинян.
Никол Пашинян.

Армениянын жаңы премьер-министри Никол Пашинян Тоолуу Карабах Азербайжан менен сүйлөшүүлөр жараянынын толук укуктуу мүчөсү болушу керек деп эсептейт.

Бул тууралуу ал Степанакертте Карабахтын лидери Бако Саакян менен жолугушуудан кийин билдирди.

Ошондой эле ал Азербайжан тараптан каршылык маанай токтобой жатканын белгилеп, мындай шартта тынчтык тууралуу сүйлөшүү мүмкүн эмес экенин айтты.

Пашиняндын пикиринде, сүйлөшүүлөрдүн азыркы форматы Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунун (ЕККУ) 1992-жылы түзүлгөн тобунун мандатына туура келбей жатат.

Баку менен Ереван 1990-жылдагы Тоолуу Карабах чатагынан бери касташып келатат. Армения колдогон жикчилер 1990-жылдардын башында Азербайжандын негизинен армян улутундагылар байырлаган бул аймагын ээлеп алган. 30 миңдей кишинин өмүрүн алган бул чатакты жөнгө салуу боюнча дипломатиялык аракеттер азырынча майнап бере элек.

XS
SM
MD
LG