Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:30

Сомдун 25 жылдыгы белгиленет


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстандын улуттук акчасы – сомго бүгүн 25 жыл болду. Туура чейрек кылым мурда эгемендикти жаңы алган республикалардан алгачкы болуп Кыргызстан өзүнүн улуттук валютасын жүгүртүүгө киргизген.

Алгач эң кымбат банкнот 100 сом болсо, 2000-жылы 200, 500, 1000 сомдук, 2010-жылдан тартып 5000, былтыр 2000 сомдук банкноталар жүгүртүүгө киргизилген.

Улуттук банк бүгүнкү датага карата журналисттер үчүн басма сөз жыйынын өткөрөт. «Кыргыз Республикасынын улуттук валютасына 25 жыл» жана «Комуз» деп аталган коллекциялык монеталар чыгарылды. (RK)

XS
SM
MD
LG