Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:36

Жалал-Абадда "Жаштардан белек" акциясы уюштурулат


Жалал-Абад шаары.
Жалал-Абад шаары.

Жалал-Абад шаарында жогорку окуу жайларынын студенттери жана мектеп окуучулары үчүн 11-майда семинар уюштурулат.

Облустук "Жаштар коому" билдиргендей, семинарга конок катары эмгек сиңирген мугалим, "Энелер мектебинин" негиздөөчүсү Гапыр Мадаминов, "Ыйман" диний маданиятты өнүктүрүү фондунун төрагасы Нуржигит Кадырбеков жана эстрада ырчысы Урмат Усенов чакырылган.

Алар жаштарга ата-энени сыйлоо, ыйман, илим-билимдин мааниси тууралуу айтып беришет.

Мындай иш-чара алгач ирет былтыр күздө өткөн. (RsK)

XS
SM
MD
LG