Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:41

Нышанов: Парламент ЖЭБ комиссиясы менен тарыхта калат


Сайдулла Нышанов.
Сайдулла Нышанов.

Бишкек ЖЭБиндеги кырсыкка байланыштуу жагдайды иликтеген депутаттык комиссиянын корутундусу колдоо тапса, 6-чакырылыштагы парламент тарыхта калат. Бул тууралуу комиссиянын мүчөсү, депутат Сайдулла Нышанов бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди:

- "Легендарлуу парламент" деп айтып келатабыз, эгер комиссия алган чечимди колдоп берсеңиздер 6-чакырылыштагы парламент да легендарлуу болуп калышы мүмкүн. Бул жерде комиссиянын чечимин колдоп же колдобой койсо болот. Алымча-кошумча кирбейт. Мындан ачык эч нерсе болгон эмес, бардык депутаттардын сунушун киргиздик. Кээ бир адамдардын аттары жөн эле кирип калды. Кесиптештердин баары бир бүтүмгө кол койсун дедик.

Бишкек Жылуулук электр борборундагы (ЖЭБ) кырсыктын себебин жана аны модернизациялоого жумшалган 386 миллион доллардын чоо-жайын иликтеген депутаттык комиссия үч айдан ашуун убакыт иштеп, 8-майда корутундуну кабыл алган. Аны талкуулоо маселеси парламенттин бүгүнкү күн тартибине киргизилди. Комиссияга кирбеген эл өкүлдөрү корутунду менен таанышып чыккан соң ал түштөн кийин талкууланат. Жыйынга тиешелүү мекемелердин, прокуратуранын, күч түзүмдөрүнүн өкүлдөрү да чакырылды.

ЖЭБди модернизациялоо боюнча Кытайдын "Эксимбанкынан" 386 миллион доллар насыя алууну караган макулдашуу парламентте 2013-жылы 11-сентябрда бекитилген. Ишти аткаруучу болуп кытайлык ТBЕА компаниясы дайындалган. Жылуулук электр борборун оңдоо иштери былтыр күзүндө толугу менен бүткөрүлгөн эле. Бирок быйыл кыш чилдеде ЖЭБдин иши үзгүлтүккө учураганда Бишкек шаары бир нече күн бою жылуулуксуз, бир топ жерлери жарыксыз калган болчу.

Бул кырсыкка байланыштуу кылмыш иши козголуп, "Улуттук энергехолдингдин" башчысы Айбек Калиев баш болгон бир нече жетекчи камакка алынган. (КЕ)

XS
SM
MD
LG