Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:54

Майрамдан кийин аянттардан 10 тонна таштанды чыгарылды


"Тазалык" ишканасынын жумушчулары. 9-май, 2018-жыл.
"Тазалык" ишканасынын жумушчулары. 9-май, 2018-жыл.

"Тазалык" муниципалдык ишканасынын жумушчулары Бишкектеги Жеңиш жана Ала-Тоо аянттарынан 9-май майрамынан кийин 10 тонна таштанды чыгарышты.

Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдиргендей, майрам күнү эки аянтта 100дөн ашык жумушчу иштеп, бир сутка боюн таштанды ташып, тазалап чыгышты.

Майрамдын алдында Жеңиш аянтында таштанды үчүн чоң желим үкөктөр коюлган.

9-майда Экинчи дүйнөлүк согуштагы Жеңиштин 73 жылдыгына карата Бишкекте жана Кыргызстандагы башка район-шаарларда атайын иш-чаралар өткөн. (NT)

XS
SM
MD
LG