Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:39

Казакстан: нааразылыкка чыккан ондогон адамды полиция кармады


Алматыдагы акцияга чыккандарды кармоо учуру. 10-май, 2018-жыл.
Алматыдагы акцияга чыккандарды кармоо учуру. 10-май, 2018-жыл.

Астананын Европа мамлекеттеринин элчиликтери жайгашкан районуна ондогон адамдар жыйналып, саясий туткундарды бошотууну талап кылышты. “Азаттыктын” кабарчысынын айтымында, акциянын катышуучуларын полиция курчап, ондогон адамды автобуска күчтөп салып кеткен.

Буга чейин бозгундагы оппозициялык саясатчы Муктар Аблязов "Фейсбуктагы" баракчасы аркылуу казакстандыктарды 10-майда нааразылык митингине чыгууга чакырган. Бул күнү Европарламенттин депутаттары Казакстанга келип, парламент депутаттары, активисттер менен жолугушаары айтылган. Астанадагы митингге чыккандар Еврошаркеттин өкүлдөрүнө казак бийлигине коюп жаткан талаптарын жеткирүүнү сурануу үчүн келишкенин билдиришти.

Алматыдагы митингдин катышуучулары.
Алматыдагы митингдин катышуучулары.

10-майда Алматы шаарында да нааразылык акциясына чыккан 70тей кишини полиция кармап кетти. Калаанын борборундагы Кабанбай баатыр жана Панфилов көчөлөрүнүн кесилишинде топтолгон ондогон адам түрмөдө отурган саясий туткундарды бошотууну, аларды кыйноону токтотууну талап кылышты. Акциянын катышуучулары көбөйө баштаган кезде акимияттын кызматкерлери аларга уруксатсыз митинг өткөрүп жатканын эскертип, тарап кетүүгө чакырды. Чогулгандар талапты аткарбагандан кийин полиция аларды күч менен кармап, микроавтобустарга салып кетти. Кармалгандардын арасында аялдар да бар. Митингге камакта кыйноо көргөнүн айткан ишкер Ескендер Еримбетовдун ата-энеси да чыккан. Полиция кызматкерлери “Азаттыктын” казак кызматынын журналисттерине аларды эмне үчүн кармап жатышканы тууралуу суроого комментарий берүүдөн баш тартты.

Казакстандын Актөбө шаарында да нааразылыкка чыккан бир нече кишини полиция кармады. Облустук акимияттын алдындагы акцияга күбө болгон адамдар 10-майда саат 10дор чамасында 20-25 адамдын келгенин айтты.

Актөбө облустук ички саясат башкармалыгынын башчысы Булбул Елеусинованын айтымында, чогулгандар саясий тутукундарды бошотууну талап кылган.

- Арасында жаштар да, улгайган адамдар да болду. Биз аларды угуп, алдын алуу иштерин жүргүздүк, - деди Булбул Елеусинова.

​Буга чейин сот Мухтар Аблязовдун "Казакстандын демократиялык тандоосу" кыймылын экстремисттик деп тапкан. Казакстандык ири ишкер жана банкир, мурдагы энергетика министри Мухтар Аблязов 2009-жылдан бери Европада жашынып жүрөт. Ал казак бийлиги тарабынан өзүнө коюлган айыптарды четке кагып келет.

XS
SM
MD
LG