Линктер

жекшемби, 23-сентябрь, 2018 Бишкек убактысы 16:07

Мирзиёев менен Трамп ушул айда Вашингтондо жолугушат


Президент Шавкат Мирзиёев АКШ президенти Дональд Трамп менен 2017-жылы сентябрда БУУнун Башкы ассамблеясынын жыйынына барган учурда жолуккан.

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев АКШнын президенти Дональд Трамп менен Вашингтондо ушул айда жолугушат. Ак үйдүн басма сөз катчысы Сара Сандерс өзбек лидери АКШга биринчи расмий сапары менен 16-майда бара турганын кабарлады. Жолугушууда эки президент Америка Кошмо Штаттары менен Өзбекстандын ортосундагы эки тараптуу кызматташтыкты талкуулайт. Мамлекет башчылар ошондой эле соода, инвестиция, аймактык коопсуздук, анын ичинде Ооганстандагы кырдаал тууралуу сүйлөшөт.

XS
SM
MD
LG