Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:14

Жарандык көзөмөл "Таза коом" боюнча Коопсуздук кеңешинин жыйынын талап кылды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Жарандык көзөмөл комитети өкмөттүн "Таза коом" программасынын бардык долбоорлоруна мониторинг жүргүзө баштайт.

Комитет тараткан маалыматта уюм "Таза коомдун" алкагындагы "Электрондук документ", "Түндүк", "Акылдуу шаар" программалары боюнча кабарларга байланыштуу мамлекеттин жана элдин киберкоопсуздугуна тынчсызданаарын билдирген.

Уюм Маалыматтык технологиялар жана байланыш комитетинин ""Түндүк" долбоору туура эмес багытта кетип жатат, андыктан өнүгүүнүн мурдагы ыкмасына кайтып келиш керек, кошумча каржыны жана убакытты талап кылат" деген билдирүүсүн аны атайлап создуктуруу аракети катары баалаган.

Билдирүүдө аталган мекеменин ""Акылдуу шаар" долбоору тендерсиз эле "Кыргызтелеком" ишканасы тарабынан өткөрүлөт" деген маалыматы да күмөндүү экени айтылган. Ушундан улам Жарандык көзөмөл комитети айкындуулукту камсыз кылыш үчүн "Таза коомдун" бардык долбоорлоруна мониторинг жүргүзө баштай турганын жарыялады. Ошондой эле "Таза коомдун" ишке ашырылышын талкуулаш үчүн Коопсуздук кеңешинин жыйынын чакырууну талап кылды.

​Кыргыз бийлиги мамлекетти жогорку технология аркылуу өнүктүрүүнү караган "Таза коом" улуттук программасын былтыр апрелде жарыялаган. Бул долбоор 2040-жылга чейинки туруктуу өнүгүү боюнча улуттук стратегиянын бир бөлүгү экени маалымдалган жана анын алкагында “Акылдуу шаар” долбоору ишке ашырылмай болгон. (NT)

XS
SM
MD
LG