Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:13

Кытай Ирандын өзөктүк программасы боюнча түзүлгөн келишимди колдойт


Иран менен Кытайдын желектери.
Иран менен Кытайдын желектери.

Кытай Ирандын өзөктүк программасы боюнча 2015-жылы түзүлгөн келишимди колдоорун ага кол койгондордун ичинен акыркы болуп билдирди.

“Биз Кошмо Штаттар кабыл алган чечимге өкүнүчүбүздү билдиребиз», деди Кытайдын Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Гэн Шуан 9-майда. Ал Бээжин Жакынкы Чыгыштагы өзөктүк куралдын жайылышын чектеген жана аймактагы туруктуулукка оң таасир эткен “келишимдин бүтүндүгүн жана кол тийгистигин камсыз кылууну” каалай тургандыгын да кошумчалады.

8-майда Трамп АКШ 2015-жылы түзүлгөн өзөктүк келишимден чыга турганын, андан тышкары Иранга каршы катаал экономикалык санкцияларды кайра киргизерин жарыялаган. Ал өзү өзөктүк келишимди мамлекет башчылыкка талапкер болгон кезинен бери эле кескин сындап келе жаткан.

Ирандын президенти Хасан Роухани АКШнын чечимин “тарыхый жаңылыштык” катары баалап, эгер сүйлөшүүлөр оңунан чыкпаса, Иран “уранды мурдагыдан да көп байытарын" кошумчалады.

АКШнын президенти Дональд Трамп болсо Тегеранга жооп кыылп, өзөктүк программасын кайра жандандырбоого чакырды.

“Мен андай кылбагыла деп кеңеш берет элем. Эгер ошондой болсо өтө жаман кесепеттер чыгат” деди ал 9-май күнү журналисттердин суроосуна жооп берип жатып.

Кытайга чейин келишимге кол койгон Орусия, Германия, Улуу Британия, Франция АКШ Ирандын өзөктүк программасы боюнча келишимден чыгарын жарыялаганына карабастан, аны сактап калууга аракет кылышарын билдирген.

XS
SM
MD
LG