Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Февраль, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 15:06

Малайзиядагы шайлоодо Махатхир Мухамаддын биримдиги утту


Махатхир Мухамад.
Махатхир Мухамад.

Малайзиядагы парламенттик шайлоодо ардагер саясатчы Махатхир Мухамаддын оппозициялык биримдиги жеңди. Эгемендик алган 1957-жылдан бери өлкөнү башкарып келе жаткан бийликтеги коалиция үчүн бул чоң сокку болду.

Эми 92 жашында Махатхир шайлоо аркылуу бийликке келген дүйнөдөгү эң улгайган лидер болуп калмакчы. Бүгүн эртең менен жарыяланган баштапкы маалыматтарга ылайык, анын оппозициядагы блогу парламентте жөнөкөй көпчүлүк добуш алды. Буга чейин Махатхир Малайзияда 22 жыл бою (1981-2003-жылдар) премьер-министр болгон. Бийликтен кеткенден кийин саясий багытын өзгөртүп оппозицияга кошулган.

Махатхир өзү таптаган, бирок кийин өзүн абдан сынга алып кирген азыркы премьер-министр Нажиб Разак элдин тандоосун кабыл алаарын айтып, бирок бир да партия парламентте көпчүлүктү жеңе албагандыктан падышанын өкмөт кабинетин курууну кимге тапшыраарын күтөөрүн кошумчалады.

Махатхир Мухамад болсо өкмөт дароо түзүлүшү керек экенин айтып, премьер-министрлик кызматты аткарууга даяр экенин билдирди.

XS
SM
MD
LG