Кыргызстанда энеден балага ВИЧ инфекциясы жуккан учурлар азайып жатканы ЮНИСЕФтин иликтөөсүнөн кийин маалым болду. 2007-жылдан бери өлкөдө Саламаттык сактоо министрлиги ар бир кош бойлууну ВИЧ-СПИДге текшерип, алдын алуу иштери жүргөндүктөн энеден балага түздөн-түз жуккан вирус басаңдады.
Төрөт үйлөрүндө ЮНИСЕФтин жардамы менен жугуштуу ооруну текшерүүчү экспресс-тесттер алынууда.
2013-жылы энеден балага ВИЧтин жугушу 5,1 пайыз болсо, 2017-жылы бул көрсөткүч 0,9 пайызга төмөндөдү.
Республикалык СПИД бирикмесинин маалыматына ылайык, Кыргызстанда ВИЧ илдети менен расмий каттоого алынгандардын 8 миң кишиге жакын. Бейтаптардын теңинен көбү эркектер. Ал эми дартка чалдыккан балдардын саны 659. (BCh)