Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Февраль, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 12:59

Украина: жикчилдер 9-майда Донецктеги парадда оор техника колдонду


“Франс-Пресс” агенттиги танк, артиллериялык система, ракета алып жүрүүчү машина сыяктуу 45 оор техниканы санаган. 9-май, Донецк.
“Франс-Пресс” агенттиги танк, артиллериялык система, ракета алып жүрүүчү машина сыяктуу 45 оор техниканы санаган. 9-май, Донецк.

Украинанын чыгышында Орусия колдогон жикчилдер көзөмөлдөгөн Донецк шаарында 9-майда Жеңиш парады өттү. “Франс-Пресс” агенттигинин кабарына караганда, бул сыяктуу майрам өткөрүү жана анда оор техниканы, танктарды колдонуу 2015-жылдагы тынчтык келишимине каршы келет.

Үч жыл мурдагы тынчтык келишими минометтерду, ракеталарды жана башка ири калибрдеги куралдарды талаштуу аймактардан чыгарып кетүүгө эки тарапты тең милдеттендирген.

“Франс-Пресс” агенттиги танк, артиллериялык система, ракета алып жүрүүчү машина сыяктуу 45 оор техниканы санаган.

35 миңдей адам катышкан параддын алдында өздөрүн “Донецк элдик республикасы” деп атап алган аймактын лидери Александр Захарченко алар өз жерин курал менен коргоп, “орус тынчтыгын” украин улутчулдарынан сакташы керек экенин айтты.

Украинада 9-майда парад өткөрүүгө тыюу салынган. Киевде бул күнү 10 миңдей адам 2014-жылдан берки Украинанын чыгышындагы жикчилдер менен уруштарда каза тапкан 10 миңден ашык адамдын сүрөтүн көтөрүп, жүрүш жасашты.

Киевдеги салтанатта сөз сүйлөгөн украин президенти Петро Порошенко “Сталин башында турган Советтер Союзу Экинчи дүйнөлүк согуштун башкы эки жылында гитлердик Германия менен союздаш болгон" деди. Ал азыр да "Путиндин Орусиясы дүйнөнү үчүнчү дүйнөлүк согушка алып барууга даяр" деп сындады.

XS
SM
MD
LG