Бишкек Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) модернизациялаш үчүн техника алууда баалар атайылап көтөрүлгөн. Бул тууралуу бүгүн ЖЭБдеги кырсыкты жана аны модернизациялоого Кытайдан алынган 386 млн. доллардын чоо-жайын иликтеген депутаттык комиссиянын мүчөсү Алмазбек Токторов Жогорку Кеңештин сессиясында билдирди.
- Келишим 2009-жылдан бери даярдалып келген. Ага көп киши катышкан. Мурдагы, кечээги президенттер да катышкан. Масалиев жакшы айтты, бизде президенттин чечими жок бир да маселе чечилбейт. Ратификация болуп жатканда жол-жоболор бузулган. "Депутаттар да буга аралашып калсын" деп ратификацияга алып келген. Чындыгында өтө акылдуу кишилер иштеген.
Токторов ТВЕА менен алдын-ала сүйлөшүүлөр болгонун белгиледи.
- 386 млн. боюнча айтып коёюн. Бул жерде маалымат алдын-ала чыгып кеткен. ТВЕА менен алдын-ала сүйлөшүүлөр болгон да, өкмөткө түшүргөн, калп эле "бааны түшүргүлө, ошонун үстүнөн иштегиле" деген каттар менен. Биздин комиссия эмнени чечет? Инсайдердик маалымат кетип калган. Баасы болгону он же 4 млн. долларга түшкөн.
Ушул тапта Жогорку Кеңеш ЖЭБдеги кырсыкты жана аны модернизациялоого жумшалган каражаттын чоо-жайын иликтеген депутаттык комиссиянын корутундусун талкуулап жатат. Жыйынга корутундуда аты жазылган мурдагы өкмөт башчылар Жантөрө Сатыбалдиев, Темир Сариев, Сапар Исаков жана башка мамлекеттик кызматкерлер катышууда.
Буга чейинки талкууларда ЖЭБди оңдош үчүн алынган аттиштин баасы 600 доллар, видеокөзөмөл камералар 300 доллар деп көрсөтүлгөнү белгилүү болгон. (КЕ)