Линктер

жума, 25-май, 2018 Бишкек убактысы 05:29

Орусияда балдарды митингге чыгаргандарды жазалоо сунушталды


Орусиядагы Мамлекеттик Думанын жыйыны. Иллюстрациялык сүрөт.

"Бирдиктүү Орусия" партиясынын депутаттары Мамлекеттик Думага жашы жете элек балдарды уруксат берилбеген митингдерге кошкондорду административдик жазага тартууну караган мыйзам долбоорун сунуш кылышты. Анда күнөөлүүлөргө 500 миң рубль айып салуу же 15 суткага камоо каралган.

Мыйзамдын авторлору бул сунуш жашы жете элек балдарды "саясий популисттердин" колдонушуна бөгөт коюу, өспүрүмдөрдүн турмушун, ден соолугун жана өнүгүшүн коргоо максатын көздөй турганын билдирүүдө.

Февралда Орусиянын президенти Владимир Путин Ички иштер министрлигине жаштарды уруксат берилбеген митингдерге тарткан топторго жана алардын жетекчилерине "чечкиндүү чара көрүүнү" тапшырган.

5-майда Орусиянын ондогон шаарында Путиндин төртүнчү президенттик мөөнөткө кызматка киришине каршы "Ал бизге падыша эмес!" аттуу митингдер өткөн.

“ОВД-инфо” укук коргоо порталынын маалыматына караганда, оппозиционер Алексей Навальныйдын тарапкерлери уюштурган бул акцияларда 1600 адам кармалган. Алардын арасында жашы жете элек улан-кыздар да болгон. Полиция кызматкерлери өспүрүмдөрдүн колу-бутун кайрып кармап жатканы тартылган сүрөттөр Интернеттеги социалдык тармактарга чыгып, кызуу талкуу жараткан.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG