Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:03

Өмүркул уулу: ЖЭБдеги 320 доллар деген аспаптар ызы-чуудан кийин сатып алынды


Нурлан Өмүркул уулу.
Нурлан Өмүркул уулу.

Бишкек Жылуулук электр борборунун (ЖЭБ) мурдагы директору Нурлан Өмүркул уулу "Улуттук энергохолдинг" коомчулукка жарыялаган аспаптар топтому жана конвейер тасмасы ишканадагы авариядан кийин гана сатып алынганын бүгүн парламентте билдирди:

- Бишкек ЖЭБинин азыркы директору аспаптар топтомун, эки конвейер лентасынын рулонун көрсөттү. Башында ал бир эле аттиш болчу. Коомдо резонанс жаралгандан кийин ага комплектти алып келип кошушту. Конвейер лентасын да алып келишти. Ушундай эле комплект берки тизмеде 105 доллардан бар болчу. Дал ушундай.

Жогорку Кеңеш бүгүн ЖЭБдеги кырсыктын себебин жана аны модернизациялоого Кытай берген 386 миллион доллардын чоо-жайын иликтеген депутаттык комиссиянын корутундусун талкуулады.

Ага чейин Бишкек ЖЭБинин учурдагы директору Андрей Воропаев депутаттарга модернизациянын алкагында "ЖЭБ үчүн 320 долларга сатып алынган" деген аттиштер топтомун көрсөткөн.

- Мындай топтом экөө. Кытайлыктар аны аттиш деп коет. Топтом 320 доллар турат, - деп билдирген ал.

Быйыл январда ЖЭБде болгон авариядан кийин иштен кеткен Нурлан Өмүркул уулу буга чейин журналисттерге чынында ишкананы модернизациялоо 250-260 доллар эле кеткенин кабарлаган. Ошондой эле аттиштин баасы 600 доллар экени айтылып, бул маалымат коомдо катуу талкууга алынган. ЖЭБди модернизациялоо иши 2014-жылдын апрелинде башталып, былтыр августта аяктаган. Ага 386 миллион доллар кеткени кабарланган. Бул каражатты Кытайдын Экспорт-импорт банкы насыя катары берип, модернизация иштерин TBEA компаниясы жүргүзгөн. (NT)

XS
SM
MD
LG