Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:42

Коомдук ишмер Рустам Маманов менен Рустам Воинов камалды


УКМК.
УКМК.

Кыргызстанда коомдук ишмер Рустам Маманов менен ишкер Рустам Воинов камалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин басма сөз катчысы Рахат Сулайманов “Азаттык” радиосуна билдирди. Анын айтымында, аты аталган эки жаран буга чейин козголгон кылмыш ишинин алкагында камакка алынган.

УКМКнын өкүлү тергөөнүн кызыкчылыгына байланыштуу башка маалымат айтылбай турганын билдирди.

Ишенимдүү булактар Воинов менен Маманов жер талашка байланыштуу кармалышы ыктымал экенин айткан. (КЕ)

XS
SM
MD
LG