Кыргыз өкмөтү Бишкектин Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) жаңылоого насыя алуу боюнча келишим түзүүдө бир катар сунуштарды эске алган эмес. Бул тууралуу бүгүн ЖЭБдеги кырсыкты жана аны модернизациялоонун чоо-жайын иликтеген депутаттык комиссиянын корутундусун талкуулоо учурунда комиссиянын төрагасы Улан Примов билдирди.
Ал ошол кездеги экономика министри Темир Сариевдин "ЖЭБди оңдой турган компанияны тендердин негизинде тандаш керек. ТВЕА буга чейин "Датка-Кемин" долбоорун ишке ашырган, эгер ал тандалса күмөн жаралышы мүмкүн" деп айткан пикирин мисал келтирди.
Примов кошумчалагандай, ошол кездеги финансы министринин орун басары Арзыбек Кожошев да өзгөчө пикир жазган. Кожошев келишимде карызды төлөө эрежеси көрсөтүлбөгөнүн, тышкы карыз көбөйүп жаткан шартта бул жагдай коркунуч жаратаарын айткан.
Ал эми тышкы иштер министринин орун басары Аскар Бешимов каршы аныктама берип, "келишим Кыргызстандын эгемендигине доо кетирет" деген пикирин билдирген.
Улан Примовдун айтымында, келишимге Кыргызстан ушул сунуштарды эске албастан кол койгон.
Кытайдын "Эксимбанкынан" 386 миллион доллар насыя алууну караган макулдашуу парламентте 2013-жылы 11-сентябрда бекитилген. Ишти аткаруучу катары кытайлык ТBЕА компаниясы дайындалган.
Быйыл кыш чилдеде ЖЭБдин иши үзгүлтүккө учураганда Бишкек шаары бир нече күн жылуулуксуз жана жарыксыз калган болчу. Окуяга байланыштуу кылмыш иши козголгон. (BkA)