Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:03

Дональд Трамп менен Ким Чен Ын июнда Сингапурда жолугушат


Дональд Трамп менен Ким Чен Ын.
Дональд Трамп менен Ким Чен Ын.

АКШнын президенти Дональд Трамп Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын менен 12-июнда Сингапурда жолугушат. Бул тууралуу Трамп бүгүн өзүнүн «Твиттер» баракчасына жазды.

"Менин Ким Чен Ын менен жолугушуум 12-июнда Сингапурда өтөт. Биз экөөбүз тең бүткүл дүйнө тынчтыгы үчүн өзгөчө иш жасоого аракет кылып жатабыз", деди Дональд Трамп.

Трамптын бул билдирүүсү Пхеньян туткундаган корей улутундагы үч америкалык жаран бошотулуп, алар бүгүн АКШга келгенден кийин жасалды.

Кечээ Түндүк Кореяда сапарда жүргөн мамлекеттик катчы Майк Помпео Пхеньян туткундаган корей улутундагы үч америкалык жаранды алып келе жатканын билдирген. Помпео Пхеньянга АКШнын президенти Дональд Трамп менен Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ындын "жогорку даражадагы тарыхый" деп мүнөздөлүп жаткан жолугушуусуна даярдык көрүш үчүн барган.

АКШ алдыдагы саммитин эң башкы жыйынтыгы - Түндүк Кореянын өзөктүк куралдан толугу менен баш тартуусу болушу керек деп эсептейт.

Түндүк Корея бошоткондордун бири, ишкерлик менен алектенген Ким Донг Чул 2016-жылдын апрелинде "тыңчылык кылды" деген айып менен шарты жана иши оор тартиптеги абакка кесилген. Ким Хак Сонг менен Тони Ким былтыр апрель-май айларында Пхеньяндагы Илим жана технология университети менен кызматташкандан кийин камалган, бирок азыркыга чейин соттолгон эмес.

XS
SM
MD
LG