Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:55

92 жаштагы Махатхир Мухаммад Малайзиянын премьер-министри болду


Махатхир Мухаммад шайлоодо уткандан кийин. 10-май, 2018-жыл
Махатхир Мухаммад шайлоодо уткандан кийин. 10-май, 2018-жыл

92 жаштагы Махатхир Мухаммад Малайзиянын премьер-министри болуп шайланды жана бүгүн ант берди.

9-майда өткөн парламенттик шайлоодо ардагер саясатчы жетектеген оппозициялык блок парламенттеги 222 орундун 113 мандатын алды. Ал эми азыр бийликте турган башкаруучу партияга болгону 79 орун тийди.

Шайлоонун алдын ала жыйынтыгы жарыялангандан 12 сааттан кийин өлкөнүн падышасы өкмөттү түзүүнү Махатмир Мухаммадга тапшырган. Британиядан эгемендик алган 1957-жылдан бери өлкөнү башкарып келе жаткан бийликтеги коалиция үчүн бул чоң сокку болду.

Эми 92 жаштагы саясатчы шайлоо аркылуу бийликке келген дүйнөдөгү эң улгайган лидер болуп калмакчы.

Буга чейин Махатхир Мухаммад Малайзияда 22 жыл бою (1981-2003-жылдары) премьер-министр болгон. Ал бийликтен кеткенден кийин саясий багытын өзгөртүп оппозицияга кошулган. Ардагер саясатчы кезинде азыр кызматынан кетип жаткан өкмөт башчы Нажиб Разакты өзү колдоп, сүрөгөн. Бирок кийин анын саясатын кескин сынга алып жүргөн.

XS
SM
MD
LG