Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:06

Лавров менен Маас Иран келишимин сактап калуу зарылдыгын белгилешти


Сергей Лавров менен Хайко Маас. Москва, 10-май, 2018-жыл
Сергей Лавров менен Хайко Маас. Москва, 10-май, 2018-жыл

Орусия менен Германиянын тышкы иштер министрлери Ирандын өзөктүк программасы боюнча 2015-жылы түзүлгөн келишимди сактап калуу ниеттерин билдиришти.

10-майда Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров бул маселени Москвада немис кесиптеши Хайко Маас менен жолуккан кезде талкуулады. Лавровдун белгилешинче, макулдашуудан чыкпаган өлкөлөр - Орусия, Германия, Кытай, Британия жана Франция аймактын коопсуздугу үчун маанилүү болгон документтин бузулбашына аракет кылышы керек.

Маас да Иран келишимдеги өз милдеттерин аткаруусу зарыл экенин белгилеп, Москваны Тегеранга бул багытта таасир этүүгө чакырды.

8-майда Трамп АКШ 2015-жылы түзүлгөн өзөктүк келишимден чыга турганын, андан тышкары Иранга каршы катаал экономикалык санкцияларды кайра киргизерин жарыялаган. Ал өзү өзөктүк келишимди мамлекет башчылыкка талапкер болгон кезинен бери эле кескин сындап келе жаткан.

Ирандын президенти Хасан Роухани АКШнын чечимин “тарыхый жаңылыштык” катары баалап, эгер сүйлөшүүлөр оңунан чыкпаса, Иран “уранды мурдагыдан да көп байытарын" билдирген.

АКШнын президенти Дональд Трамп Тегеранга жооп кылып, өзөктүк программасын кайра жандандырбоого чакырды.

“Мен андай кылбагыла деп кеңеш берет элем. Эгер ошондой болсо өтө жаман кесепеттер чыгат” деди ал 9-май күнү журналисттердин суроосуна жооп берип жатып.

Орусия менен Германиядан тышкары, Британия, Франция, Кытай да Вашингтон Ирандын өзөктүк программасы боюнча келишимден чыгарын жарыялаганына карабастан, аны сактап калуу зарылдыгын белгилешкен.

2015-жылы Иран дүйнөнүн алты ири державасы: АКШ, Кытай, Франция, Орусия, Британия, Германия менен кол койгон келишимге ылайык, Тегеран өзөктүк программасын чектөөгө көнүп, мунун ордуна ага каршы киргизилген эл аралык санкциялар жоюлган.

XS
SM
MD
LG