Бүгүн Бишкекте 13-май – Энелер күнүнө карата “Эне – ааламдын руху” деген кече өтөт. "Сейтек" борборунда уюштурулуп жаткан иш-чаранын демилгечиси – Кыргызстандын Аялдар конгресси.
Бул уюм “Азаттыкка” кабарлагандай, кечеге Билим берүү жана илим министрлигинин өкүлдөрү, чет өлкөлүк элчилердин жубайлары чакырылды.
Балдарын туура тарбиялап-өстүргөн, ийгиликке жеткирген апаларга Аялдар конгрессинин “Өрнөктүү эне” сыйлыгы тапшырылат. Эне, мекен, сүйүү тууралуу ыр-бийлер аткарылат. (RK)