Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Март, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:51

Карылар үйүнө боз үй белекке берилет


Бишкектеги карылар үйү.
Бишкектеги карылар үйү.

Кыргызстанда журналисттер тобу карылар үйүнө өзгөчө белек тартуулашат.

Бүгүн Бишкектеги карылар үйүнө боз үй өткөрүлүп берилерин "Азаттыкка" демилгелүү топтун жетекчиси, журналист Элнура Кулуева айтып берди:

- Жаңы эле жасалып бүткөн, 75 баш, ички жасалгасы менен кыргыз боз үйүн алардын балансына самоору менен кошо өткөрүп берип жатабыз. Карыялар чай кайнатып ичип, боз үйдө кымыз ичип, бала чагын эстеп, эс алышсын деп тартууладык.

Бул идеяны ишке ашырууга демөөрчүлөр жардам берди. Кулуеванын айтымында, бүгүнкү күндө Бишкектеги карылар үйүндө 208 адам жашап жатат, алардын 80ге жакыны кыргыз улутундагылар.

Мамлекеттин эсебинен ал жердеги ар бир адамдын тамак-ашына бир күнгө 100 сом бөлүнөт. (RK)

XS
SM
MD
LG