Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Январь, 2026-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:12

Арменияда күч органдарынын жетекчилери алмашты


Никол Пашинян.
Никол Пашинян.

Арменияга жаңы премьер-министр келгени бул өлкөдө алгачкы кадрлык өзгөрүүлөр болду.

Элдик толкундоодон кийин өкмөт башчылыкка шайланган Никол Пашиняндын сунушу менен полициянын башчысы, улуттук коопсуздук мекемесинин жетекчилери иштен алынып, алардын ордуна жаңылары дайындалды.

1-майда Пашинянды парламент премьер-министрликке шайлабай койгон. Ага 105 мандаттуу парламентте 58 депутаты бар мурдагы президент жана премьер-министр Серж Саргсяндын Республикалык партиясы каршы добуш берген. Бирок кийин, 8-майда кайра добуш берүү болуп, ал өкмөт башчылыкка келди.

 

XS
SM
MD
LG