Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:46

"Жалал-Абадга жаштардан белек" акциясы өтөт


Акциядан бир көрүнүш.
Акциядан бир көрүнүш.

Бүгүн "Жалал-Абадга жаштардан белек" аттуу иш-чара өтөт. Шаардагы жогорку окуу жайлардын студенттери жана мектеп окуучулары үчүн белгилүү адамдардын жана адистердин катышуусунда семинар уюштурулат.

Иш-чараны уюштуруп жаткан жаштар коому "Азаттыкка" билдиргенине караганда, конок катары Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген мугалими Гапыр Мадаминов, "Ыйман" диний маданиятты өнүктүрүү фондунун төрагасы Нуржигит Кадырбеков, ырчы Урмат усенов чакырылган.

Алар өзүнүн турмуштук тажрыйбасы менен бөлүшүп, жаштардын дүйнөгө болгон көз карашын туура нукка багыттоо, ата-энеге болгон сый, илим-билим канчалык маанилүү экенин айтып беришет.

"Жалал-Абад жаштар коому", облустук жаштар иштери, дене тарбия жана спорт башкармалыгы жана мэриянын жаштар иштери боюнча комитети менен биргеликте уюштурулуп жаткан иш-чаранын алгачкысы былтыр күзүндө өткөн. (RsK)

XS
SM
MD
LG