Линктер

шейшемби, 22-май, 2018 Бишкек убактысы 23:59

Өкмөт бүгүн чоң жыйынга чогулуп, кышка даярдыкты талкуулайт. Ошону менен катар өткөн кыштагы жылуулук берүү иштеринин жыйынтыгы да каралат.

Өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлагандай, жыйынды премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев өткөрөт.

Өткөн кыштын жыйынтыгы жана келе жаткан жылуулук берүү сезонуна даярдык тууралуу Өнөр жай, энергетика жана кен пайдалануу боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Уланбек Рыскулов айтып берет.

Өкмөттүн бүгүнкү жыйынынын күн тартибине экинчи маселе болуп 2018-2022-жылдарга карата Аймактык өнүктүрүү боюнча концепциянын аткарылышы киргизилди. Бул маселе боюнча Экономика министрлигинин статс-катчысы Айдин Шаршеев баяндама жасайт.

Быйыл кыш чилдеде Бишкектеги Жылуулук электр борборунда кырсык болуп, борбор шаар бир нече күн бою жылуулуксуз, бир топ жерлери жарыксыз калган.

2018-жыл Кыргызстанда Аймактарды өнүктүрүү жылы деп жарыяланган. (RK)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG