Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:37

АКШ Иранга каршы санкцияларды кеңейтти


АКШ 2015-жылкы өзөктүк келишимден чыгарын Дональд Трамп 8-майда Вашингтондо жарыялады, 2018-жыл.
АКШ 2015-жылкы өзөктүк келишимден чыгарын Дональд Трамп 8-майда Вашингтондо жарыялады, 2018-жыл.

Вашингтон Иранга каршы санкцияларды кеңейтти. Тиешелүү документ АКШнын Финансы министрлигинин сайтына жарыяланды. Тизмеге Ислам революциясынын сакчылары корпусуна тиешеси бар алты киши жана үч компания киргизилген.

Кошмо Штаттардын президенти Дональд Трамп Вашингтон Тегерандын өзөктүк программасы боюнча эл аралык көп тараптуу келишимден чыгаарын жарыялоо менен бирге Иранга каршы экономикалык санкциялар жаңыланарын эскерткен. Ал тапта Ак үйдүн расмий өкүлдөрү Трамптын чечимине карабай Вашингтон Атомдук энергия боюнча эл аралык уюмдун инспекторлору Ирандын өзөктүк жайларын текшерүүнү уланта бериши керек деп эсептерин билдиришти.

Президент Трамп АКШ 2015-жылкы өзөктүк келишимден чыга турганын, ага кошумча Иранга каршы катаал экономикалык санкцияларды кайрадан киргизерин 8-майда Вашингтондо жарыялаган. Ал АКШ 2015-жылы түзүлгөн көп тараптуу келишимден чыгып жатканынын себебин документ Иранды өзөктүк куралга ээ болуудан токтото албай турганы менен түшүндүргөн.

XS
SM
MD
LG