Кыргызстанда 12-майдан тартып 16-майга чейин туруксуз аба ырайы күтүлөт.
12-майда түнкүсүн жаан-чачын болбойт. Күндүз Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында жаан жаап, күн күркүрөйт, бийик тоолуу райондорго кар жаайт. Ысык-Көл, Нарын облустарында жаан-чачын жок.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрден, күндүз Чүй, Талас жана Нарын облустарында 17-22 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 14...19, күндүз 22...27;
Таласта түнкүсүн 14...19, күндүз 21...26;
Ош жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 15...20, күндүз 25...30;
Баткенде түнкүсүн 15...20, күндүз 25...30;
Ысык-Көлдө түнкүсүн 7...12, күндүз 21...26;
Нарын облусунда түнкүсүн 6...11, күндүз 21...26 градуска чейин жогору болот.
Бишкекте 12-майда түнкүсүн жана күндүн биринчи жарымында жаан-чачын күтүлбөйт, күндүн экинчи жарымында жаан жаап, күн күркүрөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 17...19, күндүз 25...27 градуска чейин көтөрүлөт.