Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:32

Бакдаулет Эгембердиев Азия чемпионатында күмүш байге алды


Бакдаулет Эгембердиев Азия чемпионатынын чейрек финалында. Ташкент, 11-май, 2018-жыл.
Бакдаулет Эгембердиев Азия чемпионатынын чейрек финалында. Ташкент, 11-май, 2018-жыл.

Кыргызстандык балбан Бакдаулет Эгембердиев ушул күндөрү Өзбекстандын Ташкент шаарында өтүп жаткан күрөш боюнча уландар жана кыздар (кадеттер) арасындагы Азия чемпионатында күмүш медаль тагынды.

"Биргелешкен күрөш дүйнөсү" (UWW) уюмунун расмий сайтындагы маалыматка таянсак, 11-майда грек-рим күрөшүнөн жана кыздар арасында эркин күрөштөн бештен салмакта байгелер ойнотулду.

Бакдаулет Эгембердиев грек-рим күрөшүнөн 65 килограммга чейинки салмакта күч сынашып, үч беттеш өткөрдү. Алгач чейрек финалда түштүк кореялык Минвуук Банды 9:2, жарым финалда индиялык Викас Викасты 11:2 эсебинде жеңди. Финалда казакстандык Абдиазим Карабаев менен беттешип, 9:0 эсебинде утулуп, күмүш байге алды.

Ушул күнү грек-рим балбан Бекзат Орункул уулу (80 кг.) жана кыздардын эркин күрөшүнөн Калмира Билимбек кызы (46 кг.) коло байге үчүн күрөшүп, утулуп калышты.

Ушуну менен Азия чемпионатында грек-рим күрөшү боюнча беттештер аяктады.

Мелдештердин жыйынтыгында кыргызстандык грек-рим күрөшү боюнча балбандар эки күмүш, бир коло байгеге ээ болушту. Мелдештин биринчи күнүндө, 10-майда 45 килограммга чейинки салмакта Акыйкат Кулжигит уулу күмүш, 60 килограммга чейинки салмакта Элмирбек Садыров коло байге алган.

12-майда кыздар жана эркектер арасында эркин күрөштөн байгелер ойнотулат.

Күрөш боюнча Азия чемпионаты 13-майга чейин уланат.

Бул Азия чемпионатында ар бир күрөштүн түрүнөн бештен салмакта жеңүүчү болгондорго (грек-рим күрөшү:45 кг., 51 кг, 60 кг, 71 кг, 92 кг., кыздардын эркин күрөшү: 43 кг., 49 кг., 57 кг., 65 кг.,73 кг., эркектер арасында эркин күрөш: 48 кг., 55 кг., 65 кг., 80 кг., 110 кг.) быйыл Буэнос-Айресте өтө турган III жаштар Олимпиадасына жолдомо берилет.

Эки мелдеш күнүнүн жыйынтыгын эске алганда, кыргызстандык грек-рим күрөшүнүн балбандары Олимпиадага жолдомодон куру калды.

12-майда эркектер арасында эркин күрөштөн Стамбул Жаныбек уулу (71 кг.), Саматбек Станбек уулу (80 кг.), кыздардын эркин күрөшүнөн Бермет Нуридин кызы (43 кг.), Бурулсун Бекболотова (49 кг.), Сезим Жуманазарова (57 кг.), Нурзат Нуртаева (65 кг.) жана Элнур Казиева (73 кг.) килемге чыгат. (ECh)

XS
SM
MD
LG