Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:04

Малайзияда экс-премьерге өлкөдөн чыгууга тыюу салынды


Нажиб Разак.
Нажиб Разак.

Малайзиянын бийлиги экс-премьер-министр Нажиб Разакка өлкөдөн сыртка чыгууга тыюу салды. Бул тууралуу Миграция башкармалыгы ишемби күнү тараткан билдирүүгө таянып ТАСС агенттиги кабарлады.

"Нажиб Разак жана анын жубайы өлкөдөн тышка чыгууга тыюу салынган адамдардын тизмесине киргизилди", - деп айтылат билдирүүдө.

9-майдагы парламенттик шайлоодо утулуп калган Нажиб Разак жубайы менен Индонезияга кетүүгө камынып жатканын мурдараак "Рейтерс" агенттиги жазган.

Малайзиядагы парламенттик шайлоодо ардагер саясатчы Махатхир Мохамаддын оппозициялык биримдиги жеңген. Саясат талдоочулар 1957-жылдан бери өлкөнү башкарып келаткан бийликтеги коалиция үчүн бул чоң сокку болгонун айтышкан. (SE)

XS
SM
MD
LG