Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 21:28

Бишкекте жана аймактарда "Музейдеги түн" акциясы өтөт


«OYOUM group» чыгармачыл тобу Маданият, маалымат жана туризм министрлиги менен бирге "Музейдеги түн" акциясын өткөрөт. "Чыңгыз Айтматовдун дүйнөсү" жана "Көчмөндөр ааламы" темасындагы иш-чара 18-майда Бишкекте, 20-майда облустарда болот.

Уюштуруучулар кабарлашкандай, бул үчүн баш калаада 15, аймактардын борборлорунда 9 арт-аянт камдалды.

Бишкектеги акция Гапар Айтиев атындагы көркөм сүрөт музейинде, Касымалы Баялинов атындагы республикалык китепканада, Чыңгыз Айтматов атындагы орус драма театрында, Чыңгыз Айтматовдун, Сүймөнкул Чокморовдун жана Михаил Фрунзенин үй музейлеринде, Кино үйүндө жана башка маданий жайларда өтөт.

Ошто "Сулайман-Тоо" жана Көркөм сүрөт музейлеринде, Таласта "Манас-Ордо" улуттук комплексинде, Жалал-Абадда "Билимкана" галереясында, Ысык-Көлдүн Кажы-Сай айылындагы «Shygaev museum» заманбап көркөм өнөр музейинде, Сары-Ой айылындагы Көчмөндөрдүн цивилизация борборунда жана Нарындагы тарых музейинде болот.

"Музейдеги түн" акциясы беш жылдан бери уюштурулат. Иш-чара кечки саат алтыда башталып, түн жарымга чейин уланат. (SE)

XS
SM
MD
LG