Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Март, 2021 дүйшөмбү, Бишкек убактысы 13:32

Чаткалда кендин зыяндуулугуна каршы элдик жыйын өттү


Чаткал менен Ала-Буканын жашоочулары аймактагы алтын казуучу компаниялардын экологиялык эрежелерди сакташына көзөмөл жүргүзүүнү талкуулаган элдик жыйынга чогулушту.

Митинг Терек-Сай айыл аймагында бүгүн болду. Ага саясатчы Адахан Мадумаров катышты. Уюштуруучулар жыйынга жергиликтүү бийликтин, кен иштеткендердин өкүлдөрү да чакырылганын, бирок эч ким келбегенин кабарлашты. Мадумаров азыркы "бийлик элдин талабына көңүл бурбай жатат" деп сындады.

Чаткал районунун акими Канжарбек Эшалиев аймакка эки фабрика курула турганын айтып, алар экологиялык эрежелерди сактоого кепилдик бергенин билдирген.

Тургундар жогорудагы талап менен президент Сооронбай Жээнбековго кайрылышкан.

Ала-Бука жана Чаткал райондорундагы кен чыккан жерлерде Кытайдын, Казакстандын биргелешкен компаниялары иштейт. (SE)

Пикирлерди көрүңүз (9)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG