Бүгүн Ош, Жалал-Абад, Нарын жана Чүй облустарында айрым жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоого добуш берүү башталды. Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматына караганда, шайлоо 1 шаардык, 5 айылдык кеңеште өтүп жатат. Шайлоочулардын акыркы тизмесине жалпы 45 447 шайлоочу киргизилген. Жалпысынан 126 депутат шайланат. Алар 105 айылдык кеңештин жана 21 шаардык кеңештин депутаттары. 27 шайлоо участкалары добуш берүү үчүн ачылды.
Бул күнү Жалал-Абад облусунун Көк-Арт, Аксы районунун Кара-Жыгач айылдык кеӊешине, Токтогул шаардык кеӊешине, Нарын облусунун Ат-Башы районунун Казыбек айылдык кеӊешине, Ош облусунун Кара-Суу районунун Төлөйкөн айылдык кеӊешине, Чүй облусунун Сокулук айылдык кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо өтүп жатат.
Буга чейин Аксы районунун Кара-Жыгач айылдык кеңешине депутаттыкка талапкер болгон 17 адам президент Сооронбай Жээнбековго, премьер-министрге жана Жогорку Кеңештин төрагасына кайрылышкан. Кайрылууда шайлоонун алдында үгүт иштери одоно мыйзам бузуу менен коштолуп, айрым партиялар акча таратып жатканы айтылган. Талапкерлер таза шайлоодон үмүт үзгөнүн айтышып, ушундан улам мыйзамдуулукту камсыз кылып берүүнү бийликтен суранышкан. (КЕ)