Линктер

шаршемби, 15-август, 2018 Бишкек убактысы 15:48

Индонезиядагы жардырууда кеминде 9 киши набыт болду


Маалыматка караганда, жанкечти жардыруучу зат байланган мотоцикл менен чиркөөгө кирип барган.

Индонезияда чиркөөдөгү жардырууда каза болгондордун саны 9га жетип, 40тай киши жарадар болду. Бул тууралуу бүгүн Чыгыш Ява провинциясындагы полициянын полковниги Франс Барунгга шилтеме кылып “Стрейтс таймс” басылмасы кабарлады. Маалыматка караганда, жанкечти жардыруучу зат байланган мотоцикл менен чиркөөгө кирип барган. Полиция кызматкерлери экинчи чиркөөнүн алдында машинага коюлган бомбаны зыянсыздандырды. Тартип коргоо органдары үчүнчү чиркөөдө пландалган теракттын алдын алганы да кабарланды.

Терроризмге каршы бөлүмдүн расмий өкүлү Ваван Пурвинто кол салуунун артында жергилктүү террористтик топтор турарын журналисттерге билдирди. Ал чиркөөдө жасалган теракт Депок шаарында жайгашкан түрмөдөгү экстремисттердин жакында болгон козголоңу менен да байланыштуу болушу ыктымал экенин айтты. (КЕ)

XS
SM
MD
LG