Франциянын баш калаасынын борбордук бөлүгүндө жайгашкан Париж опера театрынын жанында өтүп бара жаткан кишилерге кол салган адам чеченстандык 20 жаштагы жигит болгон. Бул тууралуу Europe1 радиостанциясы кабарлады.
“Полиция элге бычак менен кол салып, бир кишини өлтүргөн жарандын тек-жайын аныктады”, - деп айтылат кабарда.
Маалыматка караганда, полиция тарабынан өлтүрүлгөн кылмышкердин жанында документтери болгон эмес. Анын ким экени бармак издери аркылуу аныкталган.
12-майда колунда бычагы бар белгисиз жигит Франциянын баш калаасынын борборундагы Париж опера театрынын жанында өтүп бараткандарга кол салган. Андан бир киши каза таап, сегизи жарадар болгон. (КЕ)