Ар кандай ооруларды алдын алуу максатында Жалал-Абад облусунун Ала-Бука жана Чаткан райондорунун тургундары медициналык текшерүүдөн өтүүдө. Айылдыктардын саламаттыгын кардиолог, акушер-гинеколог жана УЗИ-адистерден турган мобилдик клиниканын атайын тобу текшерип жатат. Бригада учурда Чаткалдын Кызыл-Токой айылында жүрөт. Мындан сырткары Ала-Буканын үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунан турган дагы бир топ үйлөрдү кыдырып, жарандарды текшерүүдө.
Кыргызстандын алыскы аймактарында дарыгерлер жетишсиз. Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына караганда, дарыгерлер менен камсыздоодо шаар жана айыл ортосундагы айырмачылык сакталууда. Азыр өлкөдө 13 517 дарыгер жана 34 900 медкызматкер бар. Дарыгерлердин жалпы саны акыркы он жылда 9,8%, ал эми орто медициналык билими бар адистердин саны 19,4% жогорулаган. Ошол эле учурда үй-бүлөлүк дарыгерлердин саны он жыл аралыгында 202ге азайып кеткен. (КЕ)