Линктер

бейшемби, 19-июль, 2018 Бишкек убактысы 06:31

Тбилисиде нааразылык акциясына чыккандар тиккен чатырлар алынды


Маңзатка каршы рейдден кийинки нааразылык.

Тбилисинин полициясы бүгүн эртең менен нааразылык акциясы учурунда парламенттин алдындагы аянтка тигилген чатырларды алды. Аянттан мас үч адам кармалганы да айтылат. Бирок алар акцияга тиешеси жоктугун билдиришкен.

Грузиянын баш калаасы Тбилисиде полициянын түнкү клубдарга жасаган рейдинен соң нааразылык акциясы башталып, күч кызматкерлери менен жаштардын ортосунда кагылышуу болгон.

11-майдын кечинде полиция кызматкерлери шаар борборундагы "Басиани" жана "Галерея" деп аталган клубдарга капыстан кирип келген. Ички иштер министрлиги муну маңзаттын жайылышына каршы атайын операция деп түшүндүргөн. Анын алдында "клубдарда ашыкча маңзат колдонгон" төрт өспүрүм набыт болгону тууралуу кабар чыккан эле.

Клубдарга жасалган рейддин алкагында "маңзат таратат" деген шек менен сегиз киши, нааразылыкка чыккандардын арасынан 20 киши кармалган. Алардын арасында Маңзатты легалдаштыруу кыймылынын лидери Зураб Жапаридзе да бар.

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG