Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Март, 2021 шейшемби, Бишкек убактысы 14:59

Жергиликтүү кеңештердеги шайлоодо элдин 25% добуш берди


Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматына караганда, жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо түшкү саат 13:00гө карата 11 660 адам добуш берди. Бул тизмеге кирген жалпы шайлоочулардын 25,66 пайызын түзөт. Алты жергиликтүү кеңештеги шайлоого бардыгы болуп 45 447 шайлоочунун тизмеси киргизилген.

- Кара-Суу районундагы Төлөйкөн айылдык кеңешинде 30.81%;

- Сузак районунун Көк-Арт айылдык кеңешинде 30.30%;

- Токтогул шаардык кеңешинде 25.72%;

- Ат-Башы районунун Казыбек айылдык кеӊешинде 20.72%;

- Сокулук районунун Сокулук айылдык кеӊешинде 19.21%;

- Аксы районунун Кара-Жыгач айылдык кеӊешинде 17.80% шайлоочу катышты.

Бүгүн, 13-майда бир шаардык жана беш айылдык кеңеште шайлоо өтүп жатат. Бардыгы болуп 126 депутат шайланат - 21и шаардык кеңештерге жана 105 айылдык кеңештерге. Добуш берүү 27 шайлоо участкасында болуп жатат. (КЕ)

Пикирлерди көрүңүз (1)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG