Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:21

Малайзия: Нажиб Разактын резиденциясына темир тосмо орнотулду


Нажиб Разак.
Нажиб Разак.

Малайзия полициясы экс-премьер-министр Нажиб Разактын резиденциясынын айланасына темир тосмолорду орнотту. Бул тууралуу жекшембиде БЕРНАМА агенттиги кабарлады. Тартип коргоо органынын өкүлү Мухамад Рафик резиденция негизи дайыма кайтарууда турганын, бирок шайлоого чейин жана кийин коопсуздук күчөтүлгөнүн билдирди. Ошондой эле ал бул аракеттер алдын алуу үчүн жасалып жатканын, түздөн-түз коркунучтар тууралуу маалымат айтылбаганын кошумчалаган.

Мунун алдында парламенттик шайлоодо жеңишке жетип, премьер-министрлик орунга келген оппозициялык блоктун лидери Махатхир Мухамад Наджибди жана анын жубайын өлкөдөн чыгарбоо тууралуу буйрук бергенин ишемби күнү билдирген.

9-майдагы парламенттик шайлоодо утулуп калган Нажиб Разак жубайы менен Индонезияга кетүүгө камынып жатканын мурдарак "Рейтерс" агенттиги жазган.

Малайзиядагы парламенттик шайлоодо 92 жаштагы ардагер саясатчы Махатхир Мухамаддын оппозициялык биримдиги жеңген. Саясат талдоочулар 1957-жылдан бери өлкөнү башкарып келаткан бийликтеги коалиция үчүн бул чоң сокку болгонун айтышкан. (КE)

XS
SM
MD
LG