Линктер

жума, 22-июнь, 2018 Бишкек убактысы 09:59

Трамп Түндүк Кореяга өзөктүк полигонду жок кылуу убадасы үчүн ыраазычылык билдирди


Ким Чен Ын жана Дональд Трамп.

АКШ президенти Дональд Трамп Түндүк Корея президенти Ким Чен Ын менен жогорку деңгээлдеги жолугушуунун алдында расмий Пхеньяндын ядролук полигонду жок кылуу тууралуу убадасы үчүн ыраазычылык билдирди. Трамп муну “айкөлдүк” деп баалады.

“Түндүк Корея ушул айда, 12-июнга пландалган жолугушуунун алдында, өзөктүк полигонду жок кылууну убада кылды. Рахмат, абдан акылдуу жана айкөл кадам”, - деп жазды Трамп "Твиттердеги" баракчасына.

Буга чейин Түндүк Кореянын мамлекеттик агенттиги жакынкы эки жуманын ичинде Пхеньян ядролук полигонду жок кылууга ниеттенип турганын жазган. Ал маалыматка ылайык, 23-25 майда белгиленген иш-чара учурунда тоннелдер жок кылынып, полигондун кире бериш жолу жабылат. Мунун алдында АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео эгер Түндүк Корея өзөктүк куралдан баш тартса, Вашингтон экономикалык жардам берүүгө даяр экенин билдирген.

АКШ менен Түндүк Кореянын лидерлеринин “тарыхый” деп мүнөздөлгөн жолугушуусу келерки айда Сингапурда өтөт. Саммитти утурлай Вашингтон Пхеньяндын камагынан өзүнүн үч жаранын бошотууга жетишти. АКШ өзү жана Түндүк Кореянын жакынкы коңшулары да алдыдагы саммит Корей жарым аралынын өзөктүк куралдан арылышына алып барат деп үмүт артууда. (КЕ)

XS
SM
MD
LG