Бишкекте мектепке чейинки балдарды өнүктүрүүгө багытталган алгачкы улуттук форум өтөт. Бул тууралуу “Роза Отунбаеванын демилгелери” коомдук фондунун аткаруучу директору Доктургүл Кендирбаева “Азаттык” радиосуна кабарлады.
Анын айтымында, “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында 15-16-майда өтө турган иш-чарага Германия, Швейцария, Улуу Британия, Түркиядан келген адистер катышат. Мындан сырткары Казакстан, Өзбекстан, Тажикстандын өкүлдөрү өз тажрыйбалары менен бөлүшөт.
- Педогогикалык жана ошол багыттагы тармактык окуу жайлардын ортосундагы баарлашууну, туруктуу кесиптик квалификацияны жогорулатуу, жаңы көндүм билгичтиктерди калыптандыруу максатында түйүн түзүлөт. Биз Кудай берген баланы Кудай чоңойтот деп койо берип жатабыз. Балдардын эң баалуу, натыйжалуу мезгили көчөдө, кароосуз өтүүдө. Кийин кеч болуп калып жатат.
Кендирбаеванын айтымында, балдарды кичинесинен тарбиялоо, алардын жөндөмүн жогорулатуу жана шыктандыруу, мындагы ата-эненин, мамлекеттин ролу туурасында беш башка-башка топто талкуулар өтөт. Жыйынтыгында резолюция кабыл алынат.
Кыргызстанда бала бакчалар тартыш болуп, мектеп жашына чейинки балдардын дээрлик 50% бала бакчага барбайт деген статистикалык маалыматтар буга чейин айтылган. Мындан улам балдардын мектепке даяр эмес келип, билим сапатына терс таасирин тийгизип жатканын адистер белгилешкен болчу. (КЕ)