Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:59

Жергиликтүү кеңештердеги шайлоодо элдин 38% добуш берди


Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматына караганда, жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо саат 17:00гө карата 17 502 адам добуш берди. Бул тизмеге кирген жалпы шайлоочулардын 38,51 пайызын түзөт. Алты жергиликтүү кеңештеги шайлоого бардыгы болуп 45 447 шайлоочунун тизмеси киргизилген.

- Кара-Суу районундагы Төлөйкөн айылдык кеңешинде 43.75%;

- Сузак районунун Көк-Арт айылдык кеңешинде 41.96%;

- Ат-Башы районунун Казыбек айылдык кеӊешинде 39.89%;

- Токтогул шаардык кеңешинде 39.13%;

- Аксы районунун Кара-Жыгач айылдык кеӊешинде 35.85%;

- Сокулук раонунун Сокулук айылдык кеӊешинде 27.52% шайлоочу катышты.

Бүгүн, 13-майда бир шаардык жана беш айылдык кеңеште шайлоо өтүп жатат. Бардыгы болуп 126 депутат шайланат - 21и шаардык кеңештерге жана 105 айылдык кеңештерге. Добуш берүү 27 шайлоо участкасында болуп жатат. (КЕ)

XS
SM
MD
LG