Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 05:19

Сапар Исаков кайрадан УКМКга сурак берет


Сапар Исаков
Сапар Исаков

Мурдагы премьер-министр Сапар Исаков Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке (УКМК) сурак берүү үчүн кайрадан чакырылды. Ал атайын кызматка 14-майда саат 10:00дө барат. Бул тууралуу Кыргызстан социал-демократтар партиясынын расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева “Азаттык” радиосуна ырастады.

Мурдагы өкмөт башчы Сапар Исаков УКМКга 26-апрелде дагы сурак берип чыккан. Эки сааттай атайын кызматтын имаратында болгон Исаков журналисттерге Бишкек Жылуулук электр борборун оңдоп-түзөөгө байланыштуу козголгон кылмыш ишинин алкагында күбө катары суралганын айткан. Ал ЖЭБге байланыштуу бардык маселе текшерилиши керек экенин кошумчалаган.

Исаков "Улуттук энергохолдингдин" мурдагы жетекчиси Айбек Калиев ага каршы көрсөтмө бергени тууралуу жарыяланган маалыматтарды төгүндөгөн. Ага чейин айрым булактар Калиев мурдагы өкмөт башчыга каршы көрсөтмө бергенин жазышкан.

10-майда Жогорку Кеңеш ЖЭБдеги кырсыктын себебин жана аны модернизациялоого Кытай берген 386 миллион доллардын чоо-жайын иликтеген депутаттык комиссиянын корутундусун талкуулады. Анда мурдагы премьер-министрлер Жантөрө Сатыбалдиев, Жоомарт Оторбаев, Темир Сариев жана Сапар Исаков баш болгон 30дай кишинин аты жазылып, саясий баа берүү жана алардын жоопкерчилигин кароо сунушу айтылган.

КСДП партиясы 11-майда мурдагы премьер-министр Сапар Исаковдун Бишкек Жылуулук электр борборуна (ЖЭБ) байланышкан комментарийин тараткан. Анда Исаков "парламенттеги талкуу - элди адаштыруу жана ЖЭБдеги авариянын чыныгы күнөөкөрлөрүнүн жоопкерчиликтен качуу аракети" деп билдирген. ​Мындан тышкары ал быйыл январдагы авария үчүн ЖЭБдин ошол кездеги директору Нурлан Өмүркул уулунан тартып мурдагы өкмөт башчы, азыркы президент Сооронбай Жээнбеков жана өзү да жооптуу экенин белгилеген. (КЕ)

XS
SM
MD
LG