Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:26

Аба ырайы: 14-майда жаан-чачын болот


Тоо койнундагы кыштак. Аксы району.
Тоо койнундагы кыштак. Аксы району.

Кыргызгидромет ишканасы ушул күндөрү өлкө аймагында жаан-чачын көп болорун, бийик тоолуу райондорго кар түшөрүн маалымдады. Чүй, Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарынын дыйканчылык аймактарында, Ысык-Көлдүн чыгыш тарабында нөшөр болот. Мындай туруксуз аба ырайы 16-майга чейин созулат. Дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлөт.

14-майда көпчүлүк аймактарда жаан жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9, Нарын облусунда жана Ысык-Көл ойдуңунда 22 метрге жетет.

Абанын таемпературасы

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 8...13, күндүз 15...20,

Талас жергесинде түнкүсүн 6...11, күндүз 15...20,

Ош, Баткен, Жалал-Абад дубандарында түнкүсүн 10...15, күндүз 19...24,

Нарын облусунда түнкүсүн 5...10, күндүз 13...18,

Ысык-Көл аймагында түнкүсүн 5...10, күндүз 14...19,

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -2...-7, күндүз 0...5 градус болот.

Бишкек шаарында мезгил-мезгили нөшөр жаашы мүмкүн. Абанын температурасы түнкүсүн 10...12, күндүз 18...20.

XS
SM
MD
LG