Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:31

Парижде элге кол салган адам чеченстандык экени аныкталды


Хамзат Азимов 12-майда Париж опера театрынын жанында өтүп бара жаткандарга бычак менен кол салган.
Хамзат Азимов 12-майда Париж опера театрынын жанында өтүп бара жаткандарга бычак менен кол салган.

Француз бийлиги Париждин борборунда адамдарга кол салган киши 1997-жылы туулган Хамзат Азимов болгонун маалымдады. Өкмөттүн маалымат катчысы Бенжамин Гривонун 13-майда билдиргенине караганда, Чеченстанда туулган Азимов француз жарандыгын 2010-жылы апасынан кийин алган.

Гриво Азимовду борбор калаанын полициясы 2016-жылы "радикализмге ыктаган адам" катары каттоого алганын да кошумчалады. Азимов Франциянын Страсбург шаарына Чеченстандан ата-энеси менен көчүп келген.

Маалыматтарда ал 12-майда Франциянын баш калаасындагы Париж опера театрынын жанында өтүп бара жаткандарга бычак менен кол салган. Окуядан 29 жаштагы бир киши каза таап, дагы төрт адам жараат алган. Полиция Хамзат Азимовду атып өлтүргөн.

13-майда полиция козголгон кылмыш ишинин алкагында анын ата-энесин камакка алды.

Франциянын чыгышындагы Страсбург шаарына Чеченстандан жер которуп келген качкындар көп отурукташкан.

“Ислам мамлекети” экстремисттик уюмунун пропагандалык "Амак" маалымат агенттиги 12-майдагы кол салууну алардын бир "жоокери" жасаганын билдирип, бирок эч кандай далил келтирген жок.

Кытайдын “Синхуа” жаңылыктар агенттиги жараат алгандардын ичинде бир кытай жараны бар экенин кабарлады.

Француз президенти Эммануэл Макрон "Твиттердеги" баракчасына "Франция кайрадан кан менен төлөп жатат, бирок эркиндиктин душмандарына жеңдирбейт" деп жазды.

XS
SM
MD
LG