“Биз тумчугуп жатабыз!” деген бүгүнкү жүрүшкө коомдук уюмдардын өкүлдөрү, жарандык активисттер, экологдор чыгат. Бул тууралуу акцияны уюштуруп жаткан “Жашылдар” партиясынын төрагасы Эркин Булекбаев "Азаттыкка" билдирди.
Анын айтымында, жүрүштө тал-теректерди кыюуну токтотуу, абанын булганышынын алдын алуу, таштандыларды тазалоо, Бишкектин архитектуралык жана инфраструктуралык келбетин бузбай сактоо талаптары коюлат. Мындай жүрүш апрелде да өткөн. Ага катышкан активисттер жана укук коргоочулар президент Сооронбай Жээнбековго жана Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабековго кайрылып, өз талаптарын аткарууну суранышкан.
Экологдор буга чейин Бишкекте абанын булганышы нормадан 2-3 эсе көп экенин айтып чыгышкан. (NT)