Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:50

Жогорку евразиялык экономикалык кеңеш Сочиде кезектеги жыйынга чогулат


Cочидеги деңиз соода портунун эски имараты.
Cочидеги деңиз соода портунун эски имараты.

Орусиянын Сочи шаарында бүгүн Жогорку евразиялык экономикалык кеңештин жыйыны болот.

Евразия экономикалык комиссиясы жыйында “Кыргыз Республикасы: Евразия Экономикалык Биримдигиндеги эки жыл. Биринчи натыйжалар” аттуу баяндаманы сунуш кылат. Анда Кыргызстандын бул биримдикке кирген эки жылдан берки ишмердигинин натыйжалары жазылган.

Мындан тышкары, ЕАЭБдин алкагындагы соода-экономикалык кызматташтык, эл аралык актуалдуу маселелер талкууланат. Жыйынга Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков да катышарын президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди. Сапардын жүрүшүндө ал Орусиянын президенти Владимир Путин менен эки тараптуу жолугушуу өткөрөөрү күтүлүп жатат. Тараптар эки мамлекеттин соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташтыгын, Евразия аймагындагы интеграцияны талкууламакчы.

XS
SM
MD
LG