Орусиянын Чукотка аймагында деңиз аңчыларынын кайыгы музга урунуп, эки киши жан берди. “Интерфакс” агенттиги аймактын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине таянып билдиргендей, жекшембидеги кырсыкка калың туман себеп болушу ыктымал.
Каза тапкандар суудагы жырткыч балыктарды кармоо менен алектенген “Ротван” базасынын кызматкерлери экени кабарланды.