"Демократия жана саясий туткундар – бири-бирине коошпогон көрүнүш" аттуу иш-чараны “Сөз эркиндигин коргоо комитети” бейөкмөт уюму уюштурууда.
Аталган уюм билдиргендей, форумда Кыргызстанда саясий негизде камакка алынгандарды, кысымга кабылгандарды бошотуу жөнүндө бийликке чакырык ташталат. Ошондой эле саясатчылардын, коомдук ишмерлердин камакка алынышы демократиялык баалуулуктарга канчалык туура келери ортого салынат. Соңунда декларация кабыл алынат.
"Саясий туткундарды коргоо комитети" деген өкмөттүк эмес уюмдун маалыматына караганда, ушу тапта "саясий негизде куугунтукталган" деп эсептелген жарандардын саны 30дан ашат.
11-апрелде Жогорку Кеңештин он эки депутатынан турган “Парламентаризм үчүн” клубунун мүчөлөрү соттолгон, камалган саясатчылардын туугандары, адвокаттары менен жолукканда атайын комиссия түзүп, 30дан ашык кишинин ишин талдап чыгуу сунушталган. Эгер алар саясий буйруктун курмандыгы болгону аныкталса, сот чечимдерин кайра карап чыгуу жөнүндө талап коюлган.
Кыргызстанда Башкы прокуратуранын демилгеси менен абакка кесилген, миллиондогон сомдук айыппулга жыгылган журналисттер менен активисттердин маселесин талдаган депутаттык комиссия түзүү туурасында парламенттеги "Ата Мекен" фракциясынын депутаттары да демилге көтөрүп чыгышкан. (NT)