Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков Жогорку евразиялык экономикалык кеңештин жыйынына катышуу үчүн Орусиянын Сочи шаарына учуп кетти.
Бул тууралуу президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди. Жыйында ЕАЭБдин алкагындагы соода-экономикалык өз ара аракеттенишүүнүн актуалдуу маселелери, эл аралык кызматташтык жана Евразия мейкиндигинде мындан ары интеграциялашуу маселелери талкууланат. Евразия экономикалык комиссиясы жыйында “Кыргыз Республикасы: Евразия Экономикалык Биримдигиндеги эки жыл. Биринчи натыйжалар” аттуу баяндаманы сунуш кылат. Анда Кыргызстандын бул биримдикке кирген эки жылдан берки ишмердигинин натыйжалары жазылган.
Жээнбеков Сочиде Орусиянын президенти Владимир Путин менен эки тараптуу жолугушуу өткөрөт. Тараптар эки мамлекеттин соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташтыгын, Евразия аймагындагы интеграцияны талкууламакчы.
Мындан тышкары Жээнбеков Армениянын премьер-министри Никол Пашинян менен жолугушат. (КЕ)